Жогорку Кеңеш болуп көрбөгөндөй жүдөптүр. Мындай пикирин депутат Камила Талиева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Талант Турдумаматович, сиз 6-чакырылыштын төрагасы болуп, 7-чакырылышка өткөрүп бердиңиз. Сизге кандай иштейсиз? деп суроо бергендин өзү ыңгайсыз экен дейт элем. Себеби "Эшигин көрүп төрүнө өт" дейт. Мына келип көрдүк. Жогорку Кеңеш болуп көрбөгөндөй жүдөптүр. Сиз эмне үчүн ушул сапатты көтөрбөдүңүз? Мен ошон үчүн сиздин төрагалыкка талапкер болгонуңузга ыңгайсыз болуп турам. Койбой эле койсоңуз болмок. Парламент эч качан мындай сапаты төмөн болгон эмес. Бүгүн келип биз, нес абалында турабыз", - деди Талиева.
Талант Мамытов Жогорку Кеңештин мындай акыбалга келишине октябрь окуясы себеп болгонун айтты.