Кечээ, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында сессиянын соңуна арналган иш-чарага чогулушту.
Экс-депутаттарга шоу-бизнестин кээ бир өкүлдөрү өнөрлөрүн тартуулаган.
Ал эми "Президент Садыр Жапаров экс-депутаттар менен жолуктубу?" деген суроо менен президенттин басма сөз катчысына байланышканыбызда жолукпагандыгын билдирди.