Бүгүн, 5-январда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып жатат.
Салтанаттуу иш-чараны КТРК, республикалык жана облустук телеканалдар түз алып көрсөтүүдө.