Биз социалдык тармакта

Ооруп жатканы маалымдалган Камчыбек Ташиев жыйынга катышты

Пневмония менен ооруп жатканы маалымдалган УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Казакстандагы кырдаал боюнча парламентте баяндама жасайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-январда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин чукул жыйынын өткөрдү. Анда Казакстандагы чыңалуунун күчөшү жана өзгөчө кырдаалдын киргизилишине байланыштуу өлкөдө түзүлгөн учурдагы коомдук-саясий абал талкууланган. Ошондой эле кыргыз-казак чек арасындагы абал жана Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кылмыштуу элементтердин жана курал-жарактардын кирүү коркунучу ыктымалдыгы боюнча күч ведомстволорунун жетекчилери баяндама жасаган.

Соңунда Жогорку Кеңештин чукул жыйынын өткөрүү демилгеленип, анда Камчыбек Ташиев баяндамачы болуп дайындалган. Ошондой эле ага Казакстандагы окуялардын өнүгүүсүнө реакция кылуу боюнча өкмөттүк штабды ыкчам жетектөө милдети жүктөлгөн.

Ал эми Жогорку Кеңештин жыйыны кворум жоктугуна байланыштуу 7-январга жылдырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dembele84
2022-01-06 16:13:06
Кечээ эле реанимацияда оор абалда жатат деп,бугун жыйынга катышса.Адамды тушунуп деле болбой калды озу.
+4
suban78
2022-01-06 17:41:26
Ден соолук берсин сизге Алла Таалам урматтуу К. Ташиев.
+1
bond02
2022-01-06 19:01:52
Ашыкча эле патриот да бул киши, ооруганы деле бат сакайганы деле бат.
+3
forever88
2022-01-06 20:00:10
bond02,
0
bond0202
2022-01-06 19:13:17
Неге маскасы жок.ооруганы жалган экен да
+1
Djumahmatov
2022-01-06 20:55:34
Акмактар бирөөнүн ордунан ооруп көрсөң билесиң оору кандай экенин эч ким оорубасын билип билбей эле эмнеге жатасыңар может ичинен тилинип жатат кайдан билесиңер ошого карабай жыйынга келгенине таң бердим молодец экен мен ооруп жатам деп 10 кун жумушка чыкпай койсо дагы айтасыңар мен Ташиевди жактаган жокмун адам катары тушунуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан