Жогорку Кеңеш кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө макулдук берсе, алар тынчтыкты орнотууга гана колдонулат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, кыргыз аскерлери барса тынчтык орнотуучулар миссиясын аткарып, стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарат.
"Эгер Жогорку Кеңеш макулдук бере турган болсо, ЖККУнун уставына ылайык, кыргыз аскерлери жамааттык күчтөрдүн курамы менен жөнөтүлөт. Өзгөчө белгилей кете турган нерсе, кыргыз аскерлери Казакстандагы акциянын катышуучуларынын аракеттерине аралашпайт. Алар тынчтыкты орнотуу иштерин жүргүзөт", - деди Султанбаев.
Бүгүн, 6-январда Жогорку Кеңеш ЖККУнун алкагында Казакстанга Кыргыз өлкөсүнөн тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү маселесин карамак. Бирок кворум чогулбагандыгына байланыштуу жыйын эртеңкиге жылды.