"Акыйкат чечилишин көзөмөлдөп турабыз". Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Викрам Рузахунов тууралуу кайрылуу жасады

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Викрам Рузахунов тууралуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

"Мекендешибиз, музыкант Викрам Рузахуновго коңшу өлкөдөгү башаламандыкка байланыштуу олуттуу айыптар тагылып жаткандыгы баарыбызды бушайман кылууда. Өнөр адамы, таланттуу мекендешибизге байланышкан айыптоо иши тыкыр иликтөөнү талап кылат. Биздин тиешелүү органдар аталган маселени коңшу өлкөнүн компетенттүү органдары менен бирге изилдеп, адилет чечим чыгарат деген ишеничтемин. Жогорку Кеңештин депутаттары аталган окуяга көз салып, акыйкат чечилишин көзөмөлдөп турабыз. Биз эзелтен эриш-аркак жашаган, канатташ казак эли менен бир туугандык, достук мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдарбыз жана алакаларыбызга көлөкө түшүрчү көрүнүштөргө бирге каршы турабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан