Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевге Казакстанда болгон кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Казакстанда болуп өткөн кайгылуу окуяларды терең тынчсыздануу менен, жүрөгүм ооруп кабыл алдым.
Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан Казакстандын тынч калкынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу жалпы улуттук аза күтүү күнүндө сизге жана боордош Казакстандын элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Орду толгус жоготуунун күйүтүн жана ызасын тең бөлүшүп, каза болгон казакстандыктардын туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн кайрат сөздөрүбүздү жана бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалаарыбызды жеткирүүнү өтүнөм.
Мамлекеттерибиздин көп кылымдык тарыхый, руханий жана маданий жалпылыгына негизделген, достуктун, ынак коңшулаштыктын жана өз ара урматтоонун бузулбас принциптерине таянуу менен биз Казакстанды ишенимдүү кошуна жана стратегиялык өнөктөш катары ар дайым колдойбуз.
Ушул оор мезгилде боордош Казакстан элине стабилдүүлүк, биримдик, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм", - деп айтылат президенттин телеграммасында.