Садыр Жапаров 2017-жылы абакта отурганда эмнеге өзүнө-өзү кол салганын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Новые лица" Ютуб каналына берген маегинде айтты.
Анын айтымында, Жапаров бул кадамга жакындарына болгон кыйноону токтотуу үчүн барган.
“Чындыгында бул тууралуу бир гана Садыр Нуркожоевич билет. Мен андан сураганымда “Балдарымды, туугандарымды, досторумду, кыйноого алышканынан чарчадым. Ал эми мен аларга жардам бере албадым. Мүмкүн мен өлсөм, бийлик жакындарыма болгон зомбулуктарды токтотобу деп ойлодум” деген эле. Мен барганда анын бир туугандарын таанылгыс кылып сабаганына күбө болгом. Уулу Дастанды дагы кыйнагандарын көрүп санаа тарткам”, - деди министр.
Бейшеналиев бул окуя боюнча кийин кайталап сурабагандыгын, анткени бул тууралуу сүйлөшүү Садыр Жапаровго абдан оор экендигин айтат.