Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда Жогорку Кеңештин түзүмү талкууланып жатат.
- Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет;
- Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук, тышкы миграция жана этникалык мамилелер боюнча комитет;
- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет;
- Социалдык саясат боюнча комитет;
- Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет;
- Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет;
- Бюджет жана финансы боюнча комитет;
- Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет.