Депутаттар Жогорку Кеңеште 3 вице-спикер болушуна каршы пикирлерин айтышууда

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда Жогорку Кеңештин түзүмү тууралуу каралып жатат. 8 комитет, 3 вице-спикер болору белгилүү болду.

Бирок буга бир канча депутаттар каршы пикирлерин билдирип жатат. Депутат Мирлан Самыйкожо 3 вице-спикер болушуна каршы экенин айтты.

"Мурда 120 депутат болгон. Анда 2 вице-спикер иштеген. Азыр 90 депутат бар, аларга 2 вице-спикер жетиштүү болот деп ойлойм. Биз бири-бирибизди басынта берүүнүн кажети жок. 3 вице-спикер болушуна каршымын", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан