Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Казак чек арасында 4 чатыр орнотулду

Казакстандагы акыркы болуп жаткан кырдаалга байланыштуу жана анын кесепетинен жабыр тарткан жергиликтүү тургундарга, аргасыз жер которгондорду, качкындарды кабыл алууга чатырлар орнотулду. Тагыраагы, Казакстан менен чектешкен Ак-Жол, Ак-Тилек, Кең-Булуң жана Токмок текшерип өткөрмө постторуна ӨКМ тарабынан 10 орундуу 4 чатыр коюлганын аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

"Мындан тышкары Бишкек шаардык мэриясы тарабынан "Манас" эл аралык аэропортуна учуп келген Казак жарандарын тосуп алып, постторго жеткирүү жана мейманканага жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан