Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда парламенттин түзүмү каралып жатат.
Жыйындын алкагында "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан Жамиля Исаеванын, "Ишеним" фракциясынан Нурбек Сыдыгалиевдин, Чүй округунан Нурланбек Азыгалиевдин, Алай округунан Улан Примовдун, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги сунушталды.
Депутат Дастанбек Жумабеков "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын сунушу түшүнүксүз болуп калганын айтты. "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан эки талапкер болуп калабы?" - деген суроо салды.
Бакыт Төрөбаев "анда мен баш тарттым" деп жооп берди.