Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагалыгына кимдердин талапкерликтери сунушталууда?
- Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагалыгына Медербек Аалиев;
- Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук, тышкы миграция жана этникалык мамилелер боюнча комитетинин төрагалыгына Тазабек Икрамов, Жанарбек Акаев.
- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына Аманкан Кенжебаев;
- Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгына Динара Ашимова;
- Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагалыгына Азиз Турсунбаев;
- Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагалыгына Бакыт Сыдыков;
- Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгына Данияр Төлөнов;
- Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагалыгына Сүйүн Өмүрзаков.