Казакстанга Кыргыз аскерлерин жиберүүгө байланыштуу жаралган кызуу талкуу тууралуу президент Садыр Жапаров оюн билдирди. “Вечерний Бишкек” басылмасына берген маегинде мамлекет башчысы аскерлердин баруусу эл аралык милдеттенме болгонун, андан баш тартуу өлкөгө көп кедергисин тийгизмектигин айткан.
“Биз элдик толкундоолорду басыш үчүн жиберген жокпуз. Стратегиялык объектилерин кайтарып берүү үчүн гана жибердик. Казакстандын президенти ЖККУга кайрылды. Кайрылгандан кийин биз жардам беришибиз керек. Анткени эл аралык келишимдерди аткарабыз деп милдеттенме алып, кол коюшуп эл аралык уюмдарга киргенбиз. Эгер милдеттенмелерибизди аткарбасак, анда бизди башка мамлекеттер мамлекет катары көрбөйт эле.
Силерге кыйынчылык түшкөндө биз барбайбыз, а бизге кыйынчылык болгондо силер келип тургула деген бир жактуу өзүмчүл мамиле кылган болмокпуз. Баарын майдалап айтып олтурбайын, көп жактан бизге минус болуп калмак”, - деген мамлекет башчысы.