Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Талантбек Имановдун талапкерлиги каралууда.
Анда депутат Алишер Козуев: "Санариптик өнүктүрүү министрлигинин эмгек жамаатында канча киши эмгектенет? Министр болуп калсаңыз канча орун басарыңыз болот?", - деп суроо салды.
Талантбек Иманов министрликте 5 946 адам иштерин билдирди.
"Министрликте жалпы 5 946 адам иштейт. Борбордук аппаратта 150дөй киши эмгектенет. Министрдин 5 орун басары бар экен. Ушул курам менен иш алып барам деп турам", - деди Иманов.
Алишер Козуев "5 орун басар көп болбойбу?" деп суроо узатканда, Иманов көп болорун, министр болсо орун басарын кыскартарын айтты.