"Президент ким десең Мирзийоев дейт". Депутат Баткендин айрым аймагына санариптештирүү жете электигин айтты

Парламент жыйынында депутат Чолпон Султанбекова айрым айылдарда интернет жок экендигин айтты.

"Быйыл шайлоонун үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн учурда көп айылдарды кыдырдык. Кээ бир айылдарга интернет эмес, санарип дагы бара элек. Алар кыргыз тилиндеги берүүлөрдү көрө алышпайт. Өзбек, тажик тилиндеги берүүлөрдү көрүшөт. Жаш балдардан президент ким деп сурасаң, Өзбекстандын президентинин (ред.: Шавкат Мирзийоев) атын айтышат. Ушундай чоң көйгөй бар.

Кадамжай районундагы Кан айылында, Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндө интернет жок. Ушул маселелерди карап көрсөңүз.

Мындан тышкары айылдарда компьютерди билген адамдар жокко эссе. Бул маселени кантип чечесиз?", - деп суроо берди Имановго.

Депутаттын суроосуна Талантбек Иманов жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү максатында атайын программа бар экенин билдирди.

"Аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн министрликтин атайын программасы бар. Ал донорлор менен бирге айылдардагы жергиликтүү кадрларды окутуудан өткөрүү", - деп билдирди Иманов.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында санариптик өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлиги каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан