Бүгүн парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин социалдык-экономикалык абал, жазгы талаа жумуштарына карата даярдык жана коронавирус инфекциясынын жайылуусун болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматы угулмак.
Депутат Камила Талиева жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы, министрлер келбегенинин себебин сурады.
"Бүгүн социалдык, экономикалык жана жазгы талааа жумуштарынын абалы тууралуу маалыматтар айтыла турган соң министрлер кабинетинин төрагасы, ал иш сапарда жүрсө башка айыл чарба тармагын тейлеген орун басарлар, министрлер келиши керек эле. Алар эмнеге келген жок?", - деп суроо берди депутат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жыл жыйынтыгы чыга электигин айтып, депутаттардан бир жума убакыт беришин сурады.
"Социалдык-экономикалык абал боюнча министрлер кабинетинин жылдык отчёту чыга элек. Алдын ала чыгып жатат. Урматтуу депутаттар, бир апта убакытка узартып берсеңиздер. Толук кандуу жыл жыйынтыгын Акылбек Жапаров баш болуп, орун басарлары менен келип маалымат беребиз", - деп билдирди Байсалов.
Ошондой эле Байсалов жыйында коронавирус боюнча маалымат берерин кошумчалап өттү.