Акылбек Жапаров "Эти Бакыр Терексай" тоо-кен ишканасынын жетекчилиги менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Эти Бакыр Терексай" тоо-кен ишканасынын башкы директору Вели Гёкдере менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ишкана жетекчиси билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика ишке берилет.

Жолугушууда кыргыз-түрк ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Маалымдама: Терек-Сай кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. "Эти Бакыр Терексай" ЖЧКсы – биргелешкен ишкана, капиталынын 25 пайызы – "Кыргызалтын" ААКсына, 75 пайызы "Эти Бакыр" түрк компаниясына тиешелүү. Ишканада 800дөн ашуун кыргызстандык жаран эмгектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан