Эдил Байсалов карантин киргизүүнүн зарылдыгы жок экенин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов карантин киргизүүнүн зарылчылыгы жок экенин айтты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Төраганын орун басарынын айтымында, локдаун киргизүү натыйжа бербейт. "Бүгүнкү күндө коронавирустун "омикрон" штаммы бүт Кыргыз мамлекети боюнча тарады. Биз бир нече алгоритмдерди өзгөрттүк. Адистер ПЦР-тест жасоо зарылдыгы жок деп айтышууда. Чет өлкөлөрдө ушул тажрыйбаны колдонуп жатышат. Эгерде адам ооруп калса, дене табы көтөрүлсө, аны ПЦР-тести жок эле коронавирус деп эсептөө керек. Ушул жумада Республикалык штабда мурдагы алгоритмдер өзгөртүлөт. Биз саясий чечим кабыл алдык", - деди ал.

Эдил Байсалов өз кезегинде курч мүнөздөгү респиратордук инфекциялардын, сасык тумоо жана COVID-19дун белгиси билингендердин бардыгын обочолонууга жана дарыланууну баштоого чакырды. "Биз бардык жарандарды оорунун белгилери байкала баштаганда ПЦР-тест тапшырбай, обочолонууга чакырабыз" - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан