Депутат Масалиев Эдил Байсаловду саясат менен алектенбөөгө чакырды

Депутат Исхак Масалиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду саясат менен алектенбөөгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анда Эдил Байсалов: "Биз сизди сыйлайбыз. Жогорку Кеңештин төрүндө отурганыңыз жалпы элибиздин кызыкчылыгында. Сиздин ар бир кеңешиңиз өтө баалуу. Мен азыркы учурда саясат менен алектенем. Биздин программабыз эл шайлаган президент Садыр Жапаровдун программасы. Аны сиздердин кеңеш менен тең ата аткарабыз. Биз таяк жечү балдар эмеспиз. Биз мамлекеттик саясат менен алектенебиз", - деди.

Масалиев бул заман өтөрүн эскертти. "Бул заман өтүп кетет. Залда депутаттар менен каяша айтышпагыла. Бизди деле эл шайлаган", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан