БШК Рыскелди Момбековду депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тартты

Бүгүн, 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясы Рыскелди Момбековду депутаттыкка талапкер катары каттаган жок.

Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу тобу Момбековду талапкер катары каттоодон өткөрүүдөн баш тартуу сунушун киргизди. Бул сунушту БШКнын 10 мүчөсү бир добуштан колдоду. Буга Момбековдун диплому жасалма экени тууралуу маалымат себеп болду.

Момбеков Биринчи Май шайлоо округунан кайра шайлоого аттануу боюнча БШКга арыз берген.

Белгилеп өтсөк, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандар баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи Май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардыгына каршы добуш берген.

Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан