Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров бүгүн, 21-январь күнү саат 15:00гө Башкы прокуратурага кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге саясатчынын тарапташтары кабарлашты.
Адахан Мадумаров Башкы прокуратуранын тергөө кызматына Кыргыз-Тажик чек ара маселеси боюнча буга чейин төрт жолу сурак берген.
Ал Төрт-Көчө тилкеси боюнча 2009-жылы кол койгон протоколго байланыштуу тергелүүдө.