Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул туурасында министрлер кабинетинен кабарлашты.
Сапардын жүрүшүндө Жапаров аймактын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралуучу Талас облусунун коллегиясына катышат, "Манас-Ордо" комплексине барат, ошондой эле Кант заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышат.
Министрлер кабинетинин башчысы мындан тышкары Киров суу сактагычына барып "Бала-Саруу" гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышат.
Сапардын соңунда Акылбек Жапаров магистралдык каналды реконструкциялоо иштери менен таанышмакчы.