Камчыбек Ташиев: "Мени сүйүндүргөнү - Болот Темировдун канынан баңгизаттын курамы аныкталган жок"

Бүгүн, 23-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Temirov Live каналы жасаган иликтөөдө айтылган ишканалар тууралуу маалымат жыйын берүүдө.

Анда УКМКнын төрагасы ишканалар тууралуу маалымат бергенден кийин журналист Болот Темировдун жана анын кеңсесинде иштеген акын Болот Назаровдун кармалышына токтолду.

Айтымында, бир, эки адамдан Темировдун кеңсесинен баңги заты таратылары жөнүндө арыз түшүп, анын негизинде ички иштер органдары текшерүү жасашты.

"Болот Назаровдун канынан баңги заттын курамы аныкталды. Ал эми сүйүнгөнүм, журналист Болот Темировдун канынан аталган заттын курамы табылган жок. Биринчиден, бул бизди кубандырат, экинчиден, анын жазасын жеңилдетет. Бүгүн, 23-январда алардын баш коргоо чарасы каралат. Мен ойлойм, Темировду камабай эле иликтөөнү уланта берсе болот. Эми муну сот чечет.

Жоопкерчиликтүү түрдө айтып коёюн, булардын кармалышына эч бир органдын тиешеси жок. Мен баары мыйзам чегинде болуп, адамдын укугу корголушу керектигин айттым. Адамдар кандай гана кылмыш жасабасын баарына мыйзам чегинде чара колдонулат. Күнөөлөрү далилденбесе мыйзамга ылайык бошотулат. Болот Темировго дагы кол тийгизбестен, жаман сөз айтпастан бардык ишти так аткарууга милдеттүү. Эгер кармалгандар кыйноо болду, урду, тепти деп даттанса анда биз ошону жасагандарга чара колдонобуз", - деди Ташиев.

Белгилей кетсек, 22-январда Temirov Live иликтөөчү журналисттердин кеңсесинде милиция кызматкерлери жана бет капчан адамдар тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, андан кийин журналист Болот Темировду укук коргоочулар кармап кетишкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан