Бүгүн, 23-январда журналист Болот Темиров менен акын Болот Назаровдун баш коргоо чарасы сотто каралат. Бул туурасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Тагыраагы, ал Temirov Live каналы жасаган иликтөөдө айтылган ишканалар тууралуу маалымат жыйын берип жатып айтты.
"Бүгүн түштөн кийин алардын баш коргоо чарасы каралат. Мен ойлойм, Темировду камабай эле иликтөөнү уланта берсе болот деп. Эми муну сот чечет", - дейт ал.