Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул дүйнөдө коронавирус инфекциясынын жайылып жаткан учурдагы кырдаалында эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылчылыгы менен шартталган.
Мамлекет башчысы аралыктан иштөө режимине карабай толук кандуу иш графиги боюнча иштөөсүн улантат.
Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 3-5-февралына белгиленген Кытайга болгон сапарынын алкагында Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат, ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.