Бүгүн, 24-январда парламент комитетинде Кыргыз өлкөсүнүн Сауд Арабиядагы элчиси кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына парламенттен билдиришти.
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйыны саат 14:00гө белгиленген.
Марипов былтыр февраль айынан октябрга чейин министрлер кабинетинин төрагасы болгон.