Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин комитети Украинанын элчиси кызматына Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин колдогон жок.
Анын талапкерлигине "макул" деп 3 депутат, "каршы" деп 4 депутат добуш берди.
Идрис Кадыркуловдун талапкерлиги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралды.
Идрис Кадыркулов буга чейин УКМКнын төрагасы болуп иштеген.