Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин комитетинде Кыргыз өлкөсүнүн Сауд Арабиясындагы элчиси кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлиги колдоо тапты.
Анын талапкерлигине комитеттердин бардык депутаттары "макул" деп добуш беришти. Марипов депутаттарга ишеним көрсөтүп, колдоп бергендери үчүн ыраазычылык билдирди.
Улукбек Марипов буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы болуп эмгектенген.