Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров кайрадан Башкы прокуратурага чакыртылып, сурак берип чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Мадумаров эртең, 25-январда дагы сурак берет.
Адахан Мадумаров Башкы прокуратуранын тергөө кызматына Кыргыз-Тажик чек ара маселеси боюнча буга чейин дагы бир нече жолу сурак берген.