Ички иштер министри Улан Ниязбеков Болот Темировдун кармалышы боюнча үн катты

Иликтөөчү журналист Болот Темировду тинтүү учурунда чөнтөгүнөн 800 граммга чукул гашиш баңги заты табылган. Мындай маалымат ички иштер министри Улан Ниязбековго байланышканыбызда белгилүү болду.

"Биринчиден, биз ички иштер органдарына жардам сурап, арыз менен кайрылган ар бир жаранга жардам берүүгө милдеттүүбүз. Анын берген арызына же кайрылуусуна ылайык тиешелүү чараларды да көрүүгө милдеттүүбүз. Бизге Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, Болот аттуу жаран 2021-жылдын 25-октябрынан тартып өзүнүн достору менен баңгизат каражаттарын колдонууга ыктап жана мажбурлап жатат, ошондой эле Бишкек шаарынын Логвиненко көчөсү №55 үйдө жайгашкан кеңседе да баңги заттарды колдонууга көндүрүү болуп жаткандыгын жана мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Аталган арыздын негизинде милиция тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнү колго алган.

Аталган арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренесине ылайык, кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам иликтөө жана тергөө амалдары жүргүзүлдү. Бул кеңсе журналист Болот Темировго таандык экендиги бегилүү болгон. Тинтүү маалында анын шымынын арткы чөнтөгүнөн полиэтилен баштык алынган. Экспертизалык изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, анын ичинде 7,77 грамм салмактагы гашиш (кара куурай чайыры) баңги каражаты болуп чыккан.

Мындан сырткары ошол эле күнү Бишкек шаарындагы Турусбеков жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде милиция кызматкерлери тарабынан Болот Назаров кармалып, өздүк тинтүү маалында жанынан полиэтилен баштык табылган. Анын ичиндеги зат экспертизалык изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, 14,71 граммды түзгөн гашиш (кара куурай чайыры) баңги каражаты болуп чыккан.

Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү Болот Темировго жана Болот Назаровго айыптар коюлуп, бөгөт коюу чарасы эч жакка кетпөө жөнүндө тил каты алынган. Ошондой эле Свердлов райондук соту тарабынан экөөнүн кармалышы мыйзамдуу деп табылган. Азыркы учурда тергөө амалдары улантылууда", - деди министр Улан Ниязбеков.

Белгилей кетсек, 22-январда Temirov Live иликтөөчү журналисттердин кеңсесинде милиция кызматкерлери жана бет капчан адамдар тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, андан кийин журналист Болот Темировду укук коргоочулар кармап кетишкен.

Эртеси, 23-январда Свердлов райондук сотунда Болот Темировдун баш коргоо чарасы каралып, ал эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Ошол эле күнү төкмө акын Болот Назаров эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан