Депутат Исхак Масалиев кийинки жыйында БШКнын Орозайым Нарматова боюнча токтому тууралуу маалымат угууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Жакын арада БШК Орозайым Нарматованы мандатынан ажыратты. Конституцияда 11 гана учурда депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча так жазылган. Ал жакта диплом туура же туура эмес деп жазылган эмес. Ушул маселе каралып жатканда сотко жете электе БШК Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен токтом кабыл алып жатат. Комитеттердин мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөчү укугу бар. БШКнын мүчөлөрүн чакырып, маалымат угалы", - дейт Масалиев.
Комитеттин төрагасы Медербек Алиев БШКнын мүчөлөрүн чакырып, бул маселе карала турганын айтты.