Журналист Болот Темировдун иликтөөсү боюнча аны "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасы сотко берүүнү пландоодо. Бул тууралуу аталган ишкананын жетекчиси Байгазы Матисаков билдирди.
"Бул иликтөөдө биздин ишкана тууралуу жалган маалыматтар айтылган. Буга байланыштуу учурда Болот Темировду сотко берүү боюнча юристтерибиз менен сүйлөшүп жатабыз", - деди Матисаков.
Эскерте кетсек, буга чейин журналист Болот Темиров Жалал-Абад шаарындагы "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасы тууралуу иликтөө жарыялап, анда айрым саясатчылар бул жерден мыйзамсыз пайда көрүп жатканы айтылган.