Бүгүн, 25-янвпрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Алишер Козуев УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жоюлушу боюнча суроо берди.
"Коррупцияга каршы күрөшүү кызматында штатта канча кызматкер болгон?" - деп сурады депутат.
УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков бул купуя сыр экенин айтты. "Штат анчалык көп эмес болчу. Бул милдет биздин кызмат өтөп жаткан түзүмгө жүктөлгөн", - деди Мамасадыков.
Депутат ал жерде иштеген кызматкерлердин тагдыры эмне болгонун сурады.
Мамасадыков түзүм мурдагыдай өз жумушун кылып жатышканын айтты.