Эртең, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жыйында 4 маселе каралат. Анда БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимовду кызматтан бошотуу маселеси каралат.
Акылбек Эшимов алдамчылыкка шектелип УКМК тарабынан кармалган. Анда "Кыргызстан" партиясынын талапкерлери тууралуу дагы сөз болгон.