Депутат Адахан Мадумаров кайрадан сурак берип жатат. Бул тууралуу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, ал Башкы прокуратурага саат 15:00гө суракка чакырылган.
Адахан Мадумаров Башкы прокуратуранын тергөө кызматына Кыргыз-Тажик чек ара маселеси боюнча буга чейин дагы бир нече жолу сурак берген.