"Бизди "чимкирик парламенттен" айырмасы жок деп сындашууда". Депутат Украинага элчи болуп дайындалган Идрис Кадыркулов боюнча маселе көтөрдү

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов Идрис Кадыркулов Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалганы боюнча түшүндүрмө берди.

"Жаңы Конституциянын нормасы боюнча президент Кыргыз өлкөсүнүн чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлөрүн дайындайт деп жазылган. Жаңы Баш мыйзамдын нормасы. Ошондуктан президент Украинага элчини дайындады", - дейт Абытов.

Депутат Нурланбек Шакиев бул боюнча пикирин айтты.

"Ушуну билсеңер парламентке, комитетке анын талапкерлигин алып келбеш керек болчу. Бул силердин катаңар. Мындай иш аракеттериңер менен президент менен парламентти ыңгайсыз абалга коюп жатасыңар. Мындан кийин бир дагы элчинин талапкерлигин алып келбегиле. Коомчулук түшүнбөй жатат. Алар парламент бирди, президент бирди айтып жатат. "Демек, бул парламент "чимкирик парламенттен" айырмасы жок экен" деп айтып жатышат. Президент парламентти укпайт экен деген талкуулар болуп жатат. Тышкы иштер министрлигинин дагы жоопкерчилигин караш керек. Парламенттин аброю боюнча сөз болуп жатат", - дейт Шакиев.

24-январда Жогорку Кеңештин комитети Украинанын элчиси кызматына Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин карап, колдогон эмес.

Кечээ, 25-январда президент Садыр Жапаров аны элчи кылып дайындаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан