Мадумаров: "Биз үчүнчү күч бар деп айта беребиз, бирок ким экенин айтпайбыз"

24-январда Жогорку Кеңештин комитети Украинанын элчиси кызматына Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин карап, колдогон эмес. Кечээ, 25-январда президент Садыр Жапаров аны элчи кылып дайындаган.

Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында буга депутаттар каршы пикирлерин билдиришти.

Анда депутат Балбак Түлөбаев: "Акыркы күндөрү оппозиция менен бийликти чабыштырып, Жогорку Кеңеш менен президентти кагыштырган күчтөр барбы деп калдым. Кечээги комитеттин чечимин сындырды. Президент менен комитеттин чечими башка болуп калды", - деди.

Депутат Адахан Мадумаров үчүнчү күчтөр ким экенин айтуу керектигин билдирди. "Эки бийлик бутактарын кагыштырганга кызыкдар күчтөр бар деп сүйлөгөндөн кийин биз карашыбыз керек. Биз үчүнчү күч бар деп айта беребиз, бирок ким экенин айтпайбыз. Эгерде Жогорку Кеңеш күчүндө турган Конституция дейсиңерби, эски дейсиңерби Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы саламаттыкты сактоо министрине ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бирок Жогорку Кеңештин пикири менен эсептешкен киши жок. "Бул мага жагат, иштей берет" деген позиция менен кетип жатат. Элчиликке кетип бараткандарды кылдат кароо керек. Бул мамлекеттин жүзү болот", - деди Мадумаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан