Депутат БШКнын мүчөсү Эшимов кызматтан кетүү арызын кайра чакыртып алганын айтты

Депутат Өмүрбек Бакиров БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов кызматтан кетүү арызын кайра чакыртып алганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Акылбек Эшимов кызматтан кетүү арызын чакыртып алуу боюнча кайрылган. Комитетке кайра жөнөтүлдү. 4-маселени күн тартибинен алып салууну сунуштайм", - деди ал.

Акылбек Эшимов алдамчылыкка шектелип УКМК тарабынан кармалган. Анда "Кыргызстан" партиясынын талапкерлери тууралуу дагы сөз болгон.

Ал Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына кызматтан кетүү арызы менен кайрылган. Бул маселе Жогорку Кеңештин 26-январдагы жыйынынын күн тартибине коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан