Депутат Түмөнбаев аял эл өкүлдөрүн кызматтык унаа менен камсыздоону сунуштады

Депутат Акылбек Түмөнбаев аял эл өкүлдөрүн кызматтык унаа менен камсыздоону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары кызматтык автоунааларды колдонуудан баш тартышкан. "Бейиш энелердин таман алдында" деп аялдарды жогору коюп сыйлап келебиз. Бул чакырылышта 16-18 аял киши депутат болуп келди. Элдик депутаттар тобунун жана өзүмдүн атымдан депутат аялдарды кызматтык унаалар менен камсыздап берүүнү сунуштайм. Бул сунушумду президент четке какпайт деп ойлойм", - дейт Түмөнбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан