Депутат Мураталиев аймактарды кыдырып жазгы талаа иштерине карата даярдыктар боюнча иш алып баруу керектигин айтты

Депутат Марат Мураталиев жазгы талаа иштерине карата даярдыктар боюнча иш алып баруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шериповду чогуу аймактарды кыдырып, иш алып барууну сунуштады.

"Жазгы талаа иштери түштүк жергесинде башталып калды. Кандай чаралар көрүлүп жатат? Суу тартыштыгы болуп жатат? Дыйкандарыбызга суу жетеби? Көйгөйлөр болбойбу? Аймактарга барып, ушул маселенин үстүнөн иш алып баруу керек. Ошону менен катар эле Таласка төө буурчактын үрөнүн Түркиядан алып келүү шарт. Таласта суу тартыштыгы болуп, дыйкандар кыйналып жатат", - дейт Марат Мураталиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан