Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин алдында Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшыруусуна каршы митинг өтүп жатат.
Алар колдоруна "Ташиев элдин уулу", "Шайырбек эл сени менен", "Шайырбектин эл шайлаган, эл чечет" деген жазууларды көтөрүп алышкан.
Митингдин катышуучусу Куштарбек Кыдыралиев 7 облустан Шайырбек Ташиевди колдоп келишкенин айтты. "Баарыбыз биригип, Ташиевдин мандаты тапшырылышы керек дегенден бери тынчыбай жатабыз. Ал 20 миң элдин добушун алган. Биз анын мандатын тапшырганга жол бербейбиз. Ал элдин добушун алып келген", - дейт ал.
Алар Шайырбек Ташиев менен жолукмайынча эч жакка кетпей тургандарын айтышты.