Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин Казак оппозиционери Мухтар Аблязов менен эч кандай келишими болгон эмес. Бул тууралуу “Социал-Демократ” партиясы тараткан Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүндө айтылат.
Анда Атамбаев казак саясатчысы Мухтар Аблязов менен эч качан жолукпагандыгын жана сүйлөшпөгөндүгүн айткан.
“Мухтар Аблязов менен эч качан жолуккан да, сүйлөшкөн да эмесмин. Кандайдыр бир келишимди да түзгөн эмесмин. Мүмкүн аны кимдир бирөөлөр алдап койгондур. Бирок менин Нурсултан Назарбаев менен 2016-жылдын сентябрь айынан бери мамилем бузулганы чын. Бирок бул башка окуя”, - деген Атамбаев.
Ошондой эле Казакстандагы толкундоолорду сырттан уюштурулду деп далилдөө аракеттерине карабастан кайсы мамлекетте болбосун толкундоолор бийликтин элге каршы аракеттеринин натыйжасында чыгат деген пикирин билдирген.
Буга чейин Мухтар Аблязов Казакстанга Кыргыз өлкөсү аркылуу өтүүсү пландалганын, Алмазбек Атамбаев менен келишими болгонун маек берип жатып билдирген.