"Биздин диалог кызматташтык үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк". Садыр Жапаров "Индия - Борбордук Азия" саммитинде сүйлөдү

Бүгүн, 27-ноябрда президент Садыр Жапаров онлайн форматта өтүп жаткан "Индия - Борбордук Азия" биринчи саммитинде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

"Индия - Борбордук Азия“ диалогунун алкагындагы биринчи саммитинин демилгеси жана ага чакыруусу үчүн Индиянын урматтуу премьер-министри Моди мырзага ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер.

Кечээ Индия Республика күнүнүн 73 жылдыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Индия элин жана сизди, урматтуу премьер-министр мырза, республика күнү менен чын жүрөктөн куттуктап коюуга уруксат этиңиз. Сиздерге ден соолук, бакубатчылык жана гүлдөгөн мамлекетти куруу жолунда мындан аркы ийгиликтерди каалайм!

Ушул жылы Борбордук Азия жана Индия мамлекеттери эки тараптуу дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатышат. Бул жылдар аралыгында өз ара аракеттин аркасында өлкөлөрүбүз достук мамилелерди куруп, стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди түзүштү жана саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык жана коопсуздук тармактарында кызматташууну өнүктүрүүдө. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасы Индия тараптын мааракелик жылда мамлекет башчыларынын деңгээлинде Индия-Борбор Азия диалогун өткөрүү демилгесин колдойт, бул өз ара регионалдык жана жемиштүү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшөт деп ишенем. Биздин диалог аймактар аралык кызматташтыктын абалы жана келечеги боюнча ачык пикир алмашуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Жыйынтыктап айтканда, коронавирустук инфекциянын пандемиясынын кезектеги толкунунун жайылышына байланыштуу биздин биринчи саммитти онлайн өткөрүүгө туура келгенине өкүнүч менен билдиргим келет. Кийинки саммитте бетме-бет жолугабыз деп ишенем", - деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан