Депутат Надира Нарматова парламент жыйынына классикалык кийинип келүү зарылдыгын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Эл өкүлү болгондон кийин эл бизге карап түздөнөт. Жүрүм-турум, кийген кийимиңерге көңүл бурулат. Классикалык кийим деп киргизип коёлу. Кээде уяласың, футболкасы көрүнүп отургандар бар. Айрымдары маасы, көлөч кийип келишет. Жогорку Кеңештин жыйындарына классикалык кийим кийип келишсин", - дейт ал.