31-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Баткендеги чек ара маселеси каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Мамлекеттик чек арасынын Кыргыз-Тажик тилкесинде 27-январда болгон чек ара чыр-чатагы жөнүндө маалымат угулат. Ошону менен катар эле чек ара боюнча кабыл алынган токтомдордун аткарылышы каралат.
Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалда 11 кыргыз аскери жабыркады.