Парламент комитетинде былтыр өспүрүмдөргө карата 264 зомбулук фактысы катталганы айтылды

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында үй-бүлөдө жана билим берүү уюмдарында балдарга карата эмоционалдык, психикалык, физикалык зомбулукту колдонууга байланышкан кырдаалдар талкууланып, тиешелүү мекемелердин маалыматы угулду.

Анда Аламүдүн районуна караштуу мектептердин биринде катталган мугалим менен окуучунун ортосундагы жаңжал тууралуу сөз болуп, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат берди.

Маалыматта айтылгандай, окуя катталган мектепте пандемияга байланыштуу мугалимдердин жетишсиздигинен бир мугалим бир эле учурда эки класска сабак берүүгө мажбур болуп турган. Ошондой сабактардын биринде окуучу тарых мугалимине цензурага туура келбеген сөз айтып, ага карата мугалим тарабынан да туура эмес мамиле жасалган. Ошол күнү жүргүзүлгөн териштирүүнүн негизинде, түшүндүрүү иштери болуп, тарых мугалими өз арызы менен иштен кеткен. "Андан бери ар тараптуу алдын алуу жумуштары жасалып, сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деди министрдин орун басары.

Талкуу маалында комитеттин төрайымы, депутат Динара Ашимова алдын алуу иштери толук жүргүзүлсө, мындай окуялар катталбай тургандыгын жүйө келтирип, бардык социалдык багытта иштеген мекемелер биргелешип чара көрүүсү керектигин кошумчалады.

Муну менен катар депутат Ички иштер министрлигинин өкүлүнө кайрылып: "Балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүлүп, катталган учурлардын саны канча?", - деген суроо узатты.

Министрликтин өкүлү былтыр өспүрүмдөргө карата зомбулуктун жалпы саны 264кө жеткенин айтты. Ал эми быйыл мектеп ичинде бул жаатта 2 факты катталганын кошумчалады.

Ошондой эле эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин маалыматы боюнча, 2021-жылы 4309 бала турмуштук оор кырдаалга кабылган.

Жыйынтыгында депутаттар аталган маселе толук изилденип, тиешелүү мекемелер тарабынан жагдайлар кайра кайталанбагыдай чаралар кабыл алынышы керектигин белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан