Кайра шайлоо. 3 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясына бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө дагы 3 арыз түштү. Бул тууралуу аталган комиссиянын сайтына жарыяланды.

БШКга төмөнкү талапкерлер арыз беришти:

  • Мотуев Нурдин Аманканович, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер;
  • Хасанов Дильшат Ибрагимович, № 29 Свердлов шайлоо округу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер;
  • Кутбидинов Азизбек Камчыбекович, № 27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер.

Буга чейин Аматов Рысбай Аматович (№ 27 Биринчи Май шайлоо округу), Ибраймакунов Данияр Омурбекович (№ 29 Свердлов шайлоо округу), Эргешов Казыбек Кочкорович (№ 29 Свердлов шайлоо округу) жана Джакыпбеков Шадыкан Мырзаканович (№ 27 Биринчи Май шайлоо округу) Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан