Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Лейлек району анклав болот деген кептерге жооп берди. Анын айтымында, айрымдар 2021-жылдын жазында кол коюлган протокол боюнча божомолдорду айтып жатышат. Ташиев бул документ боюнча айрым саясатчылар, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары, блогерлер да туура эмес маалымат таратып, чуу жаратууда деп эсептейт.
"Лейлек эч качан анклав болбойт, бул жалган маалымат. Протоколду кабыл алып жатканда бардык механизмдерди карап чыктык. Протоколдо мындай деп айтылат: Ворухка (Тажик анклавы) жолду ачуу үчүн анын статусун аныктоо керек. Бул жол кандай болот, аны ким курат, кимдер өтө аларын жазып бериш керек. Алгач ушундай келишим, андан кийин чечим болуш керек”, - деп белгиледи Ташиев.