Бүгүн, 1-февралда парламент комитетинде Нургүл Бакированын Жогорку Соттун төрайымы кызматынан бошотуу боюнча арызы каралат.
Бул сунушту президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов сунуштады.
Жыйынтыгында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин депутаттары сунушту колдошту.
Нургүл Бакирова кечээ, 31-январда Жогорку Соттун төрайымы кызматынан кетүү боюнча арыз жазган.